Connect with us

Бишкекте «Балама жомок» аттуу китеп жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 28 Авг 2024 | 212 | 0

 31-августта саат 14:00дө Бишкек шаарындагы Курманжан Датканын эстелигинин алдында «Балама жомок» аттуу китеп жарманкеси өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында сынактар, табышмак-викторина, презентация жана мастер-класстар уюштурулат.

Иш-чарада кыргыз тилинде кызыктуу, иллюстрациялуу, сапаттуу китептерди балдарга тил үйрөнүүдө, дүйнө таанымын кеңейтүүдө, ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүүдө эң баштапкы жана негизги курал катары презентация болот.

Балдарды китепке жакындатуу, сүйдүрүү үчүн «Биринчи китебим» аттуу мастер-класс, жомок боюнча табышмак-викторина, ата-энелер үчүн “Жомок айткан ата-эне” номинациялары боюнча сынак, ошондой эле, К.Баялинов атындагы китепкана тарабынан үстөл үстүндөгү куурчак-театр, трафарет менен сүрөт тартуу, “Куликовский” кондитер үйү тарабынан «Жомок каармандарын жасоо» мастер-класстары уюштурулат.

Басма үйлөр тарабынан балдар үчүн китептер жарманкеси болот.

Белгиленгендей, улуттук оюндарды жайылтуу максатында “Биринчи упай оюну” упай эрежелери боюнча мастер-класстар, сүрөт тартуу боюнча сынактар уюштурулуп, балдар үчүн жомок окулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM