Биз менен байланышыңыз

Орто-Токой ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө

Кыска кабар | 28 Авг 2024 | 220 | 0

Орто-Токой ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө. Кыргызстандын  энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган ГЭСтин курулушу менен таанышты.

Маалыматта айтылгандай, алгач ГЭСти куруу үчүн  даярдык иштерин жүргүзүү керек. Ага: жумушчулар үчүн убактылуу жатакана курулуп, туннел казылып, жолдор салынуучу кажет.

Учурда Орто-Токой ГЭСти куруучу жумушчулар  үчүн атайын шаарча курулуп, ал жерде 45 жумушчу жашап жана жеринде иштеп жатышат. Мындан тышкары жумушчу топ ГЭСти курууга даярдык иштеринин алкагында суу, электр энергися менен камсыз болуп,  жол салынууда. Ал эми сентябрь айында туннел казуу үчүн жардыруу иштери жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы март айында «Чакан ГЭС» ААК менен Кытай мамлекеттик СНМС (China National Heavy Machinery Corporation) компаниясынын ортосунда долбоорду толугу менен ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык ГЭС толугу менен 3 жылда курулуп бүтөт. Курула турган ГЭСтин жалпы кубаттулугу 21 МВт түзөт жана бир жылда 75 млн квтс өндүрөт.

Энергетика министри тийиштүү жетекчилерге ГЭСти куруу иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM