Биз менен байланышыңыз

«Мурас Юнайтед» клубунун оюнчусу Мирбек Ахматалиев футболдон 5 жылга четтетилди

Кыска кабар | 26 Авг 2024 | 284 | 0

Кыргызстандык футболчу, «Мурас Юнайтед» клубунун оюнчусу Мирбек Ахматалиев футболдон беш жылга четтетилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, биримдиктин атына «Мурас Юнайтед» футболдук клубунун жетекчилигинен кат келип түшүп, анда машыктыруучулар штабы жана клубдун спорт директору иштен алынганы айтылган. Анын себеби, ушул жылдын 15-августунда Бишкектеги «Сельмаш» стадионунда команданын машыгуусу учурунда клубдун оюнчулары катышкан чыр чатак орун алган, андан улам клубдун чет элдик оюнчусу (легионер) Евгений Терси жаракат алып, тагыраагы жаагы сынган. Аталган окуянын демилгечиси клубдун оюнчусу Мирбек Ахматалиев болуп чыккандыктан, клуб бул оюнчу менен эмгек келишимин токтотууну чечкен.

22-августта Кыргыз футбол биримдигинин Дисциплинардык комитетинин отуруму болуп, анда «Мурас Юнайтед» клубунун өйдөдө белгиленген кайрылуусу каралган. КФБнын Дисциплинардык комитети тартип бузуу жөнүндөгү иштин чоо-жайы менен таанышып, КФБнын Дисциплинардык кодексинин №118 беренесине ылайык, Мирбек Ахматалиевди футболго тиешелүү баардык ишмердүүлүктөн 5 жылга чететтүү чечимин кабыл алган.
«Олимпиадалык спорт түрү катары футбол адилеттүү спорттук күрөш жана атаандаштарына жана командачыларына урмат көрсөтүү принциптерине негизделген. Ал командалык рухту тарбиялоого, адамдык оң сапаттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле адилеттүүлүк жана жоопкерчилик сезимин өрчүтүүгө багытталган.

Кыргыз футбол биримдиги жогоруда айтылган баалуулуктардын жактоочусу катары, агрессия жана зордук-зомбулук көрсөткөн деструктивдүү аракеттерди бир беткей айыптайт. Агрессия жана зордук-зомбулук, физикалык же эмоционалдык жактан зыян келтирүүгө жөндөмдүү, андыктан таптакыр кабыл алынгыс болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мирбек Ахматалиев учурда 30 жашта. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунда Орозбеков айылында туулган. Буга чейин «Абдыш-Ата» футболдук клубунун чабуулчусу, жарым коргоочусу болгон жана улуттук кураманын да мүчөсү. Учурда «Мурас Юнайтед» футболдук клубунда ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM