Биз менен байланышыңыз

Аксыда 500 тонна мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа ачылды

Кыска кабар | 26 Авг 2024 | 237 | 0

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы сметалык баасы 22 млн сомду түзгөн 500 тонналык мөмө-жемишти сактоочу логистикалык кампа ачылды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул ишкана сезон убагында 10дон ашуун жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат.

Ошондой эле, аталган райондун Жерге-Тал айылында мөмө жемиштин кагын кайра иштетүүчү логистикалык борбор сентябрь айынан тартып толук кандуу ишке берилет. Ишкана сезон убагында 25 адамды туруктуу иш менен камсыз кылат. Ишкананын курулушу, аны керектүү жабдык менен камсыздоого жалпысынан 26 млн 800 миң сом сарпталган. Борбордо кара өрүктүн кагын кайра иштетип, фасовкалап, таңгактап, даяр продукцияны Казакстан, Орусия жана Өзбекстанга экспортко чыгаруу каралган. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 50 тонна мөмө жемишти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM