Биз менен байланышыңыз

Мүшкер Мунарбек Сейитбек уулу тойлордо ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды

Кыска кабар | 25 Авг 2024 | 475 | 0

Кечээ, 24-августта Париж Олимпиадасында бокс боюнча  күмүш медаль ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу үйлөнүү тоюн өткөрдү. Ал социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жарыялады.

Ал үйлөнүү той үй шартында өткөнүн айтып, жаштарды той-мааракелерде ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды.

Бүгүн, 24-август мен үчүн Кудай буйруган дагы бир жакшы күндөрдүн бири болду. Жубайлуу болуп, эки дүйнө бактылуу болууга аттандым. Президентибиз айткандай, ысырапкорчулукка жол бербөөгө кошулам. Силерди да ошого чакырам. Үйлөнүү тоюм үй шартында болуп өттү”- деп жазды ал.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча  Олимпиаданын күмүш медалын тагынган алгачкы спортчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM