Биз менен байланышыңыз

Мбанк Орусия аркылуу акча которууларды токтотту

Кыска кабар | 20 Авг 2024 | 204 | 0

МБанк аркылуу Орусиядан акча которуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстан банк расмий сайтына жарыялады.

«2024-жылдын 16-августан баштап Орсиянын банктары аркылуу Орусияда иштеген жарандардын жеке акча которуулары эки тарапка тең токтотулгандыгын маалымдайбыз. Бул кызмат убактылуу жеткиликсиз. Банктык реквизиттерди колдонуу менен которуулар адаттагыдай эле жеткиликтүү. Бардык суроолор боюнча банктын 24/7 байланыш борборуна 3333 телефону аркылуу кайрылыңыз», — деп айтылат банк тараткан билдирүүдө.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС серверлерине эки тараптуу акча которуу белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM