Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты өз каалоосу менен мандатын тапшырды

Кыска кабар | 19 Авг 2024 | 234 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев өз каалоосу менен мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Жогорку Кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан депутат болуп келген.

Бүгүн БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде Мейкинбек Абдалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM