Биз менен байланышыңыз

Ошто ири өлчөмдө апийим саткан жаран кармалды

Кыска кабар | 17 Авг 2024 | 169 | 0

Ошто ири өлчөмдө апийим саткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бир жаран Ош шаарында апийим баңгизатын сатып жүргөндүгүн аныкташкан. Баңгизатын сатуу кыстырма кылып калтыруу жолу менен жүргүзүлүп жүргөнү такталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 15-август күнү Ош шаарынын 1985-жылы туулган тургуну И.Б. 1,5 килограмм апийим саткан кармалды. Ал апийимди мурунураак Ош шаарында жашырып, ал эми баңгизат үчүн болгон 15 миң долларды Кара-Суу районунда алып жаткан жеринен колго түштү.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 1 кг 514 грамм апийим баңгизаты экендиги такталды.

Кылмышка шектүү болуп кармалган 1985-жылы туулган И.Б. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM