Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча президенттин кубогу өтөт

Кыска кабар , Спорт | 17 Авг 2024 | 597 | 0

21-22-23-августа Бишкек шаарындагы Каба Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу жана II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясы билдирди.

Иш-чара Дене-тарбия жана спорт департаменти, Кыргыз күрөш федерациясы жана Эл аралык кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

«Бүгүнкү күндө 30тан ашык мамлекет каттоодон өтүп, 200 дөн ашык спортчулар келип күч сынашат. Тактап айтсак, пезиденттин кубогунда Америка, Африка, Европа жана Азия мамлекеттеринин алптары күч сынашат. Ал эми кубоктун жалпы байге фонду 1 млн сом жана баш байге балуу таштар менен шөкөттөлүп жасалган калкан», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Күрөшү боюнча президенттин кубогуна мамлекеттин атынын 2 балбан катышса, II дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионатына 16 жана кыз-келиндер арасында 6 балбан күч сынашат.

Дүйнөнүн 17, Европаныны 2, Азиянын 8, Көчмөндөр оюндарынын 2 жана өз мамлекеттеринде чемпион болгон 7 балбандын катышуусу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM