Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө Самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды

Кыска кабар | 15 Авг 2024 | 200 | 0
Бүгүн, 15-август күнү Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) Газпром спорт комплексинде самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды.
Мелдешке 14 мамлекеттен келген 200дөн ашык спортчу катышып, анда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча мелдештер өтөт.
Бүгүн чыга турган улуттук курамдын тизмеси:
Спорттук самбо (эркектер арасында):
— 58 кг Камил Оболбеков, Сандар Марип уулу;
— 71 кг Алай Сартов, Олжобай Күйкөнов;
— 88 кг Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;
— 98+ кг Бекболот Токтогонов, Нуртилек Рысбеков.
Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында):
— 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;
— 59 кг Аида Асанбекова, Улара Карыпбекова;
— 72 кг Динара Камчибекова, Адинай Алмазова;
— 80 кг Назима Амантурова.
Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):
— 64 кг Саяк Бараканов, Исланбек Өмүржан уулу;
— 79 кг Элзар Орозалиев, Вахап Абдуллаев;
— 98 кг Нурсултан Тайлаков, Кошаалы Назаркулов.

Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилигинде мелдешке катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM