Биз менен байланышыңыз

9 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды

Кыска кабар | 3 Авг 2024 | 207 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча 9 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 401497 миң сомго 1242 насыя берилди, анын ичинен:

– «Айыл Банк» ААК, 199142,0 миң сомго 629 насыя;

– «Элдик Банк», ААК, 202355,0 миң сомго 613 насыя.

Ал эми мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3158459 миң сомго 7774 насыя берилди, анын ичинен:

– «Айыл Банк» ААК, 1603745,0 миң сомго 4001 насыя;

– «Элдик Банк», ААК, 1554714,0 миң сомго 3773 насыя.

Жалпы 2 категория боюнча 3559956 миң сомго 9016 насыя берилди.

– «Айыл Банк» ААК, 1802888 миң сомго 4630 насыя;

– «Элдик Банк», ААК, 1757069 миң сомго 4386 насыя.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM