Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо жумуштарынын алкагында, 24-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.
Мэрия буга байланыштуу №42, 55, 100, 145, 152, 169, 226 автобус каттамдарынын кыймылы өзгөргөнүн кабарлады.
Белгилей кетсек, Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолуна чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу, бордюр орнотуу жана асфальт басууга даярдык жумуштары жүрүп жатат.