Биз менен байланышыңыз

Көлбаевге таандык ок атуучу куралдар табылды

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 270 | 0

Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевге таандык ок атуучу куралдар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Көлбаев тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында, 11-июлда Көлбаевге тиешелүү делген жайлардын биринде аскердик патрондору бар жеке ок атуучу куралдар табылган.

Учурда Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев өткөн жылдын 4-октябрында УКМКнын атайын операциясы учурунда окко учкан.

Андан кийин УКМК Көлбаевге таандык делген мүлктүн көпчүлүгүн мамлекетке өткөрүп берген, аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аукционго койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM