Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Кулжа районунда селге аккан төртүнчү жарандын сөөгү табылганын кабарлады.
30-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда саат 22:15тер чамасында Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүргөн. «Deo Матиз» үлгүсүндөгү унааны сел агызып кеткен. Ичинде 5 жаран болгон, анын бири жергиликтүү жарандар тарабынан куткарылып, калгандарын сел алып кеткен.
Жергиликтүү маалымат каражаттары сел агызып кеткен жарандар бир үй-бүлө экенин жазышууда.
Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин жүргүзүп келген.