Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-августка аягына чейин узартылды

Кыска кабар | 25 Июн 2024 | 231 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узартты.

Бул тууралуу соттон кабарлашты.

24-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучу Матраимовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тергөөнүн мөөнөтүнкө, башкача айтканда, 26-августуна чейин узартылды.

Быйыл 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Бакуда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду кармаган. Аны менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор кармалган.

Анын ичинен Тилек Матраимов 26-апрелде үй камагына чыгарылган.

Ташиев Райымбек Матраимов бюджетке 200 млн доллар кайтарарын айтты

Copyright © 2017 Maral FM