Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Кыргызстан эл ассамблеясына 23 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 272 | 0

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын 10-жыйыны өттү. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду. Ага өлкөдөгү ар кайсы улуттардын диоспараларынын өкүлдөрү катышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100дөн ашуун ар кандай этностун өкүлдөрү бар. Кыргызстан элдеринин ассамблеясына мамлекеттик бюджеттен 23 миллон сом бөлүнгөн.

Зухра Шидакова Кыргызстандагы карачай улутундагы аялдардын арасынан алгачкы жолу “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамын алды. Ал 15 жылдан бери “Ата журт” эл аралык карачайлар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин президенти болуп эмгектенип келет.

Ал карачай элдеринин маданиятын таанытуу макстында анссамбль түзүп, жыл сайын жер-жерлерди кыдырып, коомчулукка карачай улутунун маданиятын таанытып келет.

«Мен 15 жылдан бери “Ата журт” эл аралык карачайлар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин президенти болуп эмгектенип келем. Биз ар бир эмгегибизди элге арнап жасайбыз, албетте эл менен бирге аракеттенип, чогу иш алып барып келебиз. Мен бул бирикмеге келгенден кийин биздин улуттун маданиятын жайылтуу менен башка да улуттардын маданиятын таануу максатында анссанбиль түзгөм. Ар бир элдин маданияты- баалуу, мен өзүмдүн маданиятым менен сыймыктанам жана башка элдин маданиятын таанууга кызыгам. Биздин анссанбиль 15 жылдан бери элге кызмат кылып, акысыз концерттерди уюштуруп, эл аралык деңгээлдеги фестивалдарга катышып келебиз».

Кыргызстанда төрөлүп, дүйнө тааныган Адылжан Атажанов бүгүнкү иш-чарага Ош шаарынан келген. Ал кыргызстандык өзбек улуттук маданий борборунун түштүк регион боюнча төраганынын орун басары. Анын айтымында, кыргызстандык өзбектер эки тилде сүйлөгөн улут болгондуктан башка улуттар менен болгон кызматташуусу, алака-катышы жогорку деңгээлде.

«Кыргыздар менен өзбектер эли-эки тилде сүйлөгөн, бир динди тутунган элбиз. Биздин ата-бабаларыбыз тээ илгерттен бери эле тыгыз кызматтыштыкта, биримдик, ынтымакта болуп келген. Ошол кызматташтык, биримдик, ынтымакта салты бүгүнкү күнгө чейин сактап келе жатабыз. Биз учурда ар бир майрамдарды чогуу өткөрөбүз. Ошондой эле акыркы учурда жаштарыбыз улутка карабастан үй-бүлө куруп, эки элдин ортосундагы ынтымак, биримдикти тереңдетүүдө».

Конституция баштаган мыйзамдарда Кыргызстанда ар бир жаран этносуна, динине, регионуна жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экендигин  президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын X жыйынынын делегаттарына жолдогон кайрылуусунда айтты.

Анын кайрылуусун Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Каманбетов окуду.

«Мындай жашоо баалуулуктары көөдөнүбүздө эле уялабастан, Конституция баштаган мыйзамдарыбызда Кыргыз Республикасынын ар бир жараны этносуна, динине, регионуна жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ деп ташка тамга баскандай бадырайып жазылып турат. Төрт жылга жакын убакыттын ичинде баарыбыздын жапа тырмак көргөн аракетибиздин аркасында мамлекеттик башкаруунун системасын калыбына келтире алдык, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө чечкиндүүлүктү иш жүзүндө көрсөтүп тартипке салып келатабыз, кирешелерди олуттуу көбөйтүп, экономикалык өсүшкө жетише алдык. Бул, албетте, ишибиздин башы гана. Өлкө элинин көп түрдүүлүгү, ынтымагы, достугу жана биримдиги болуп турса, Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айландырабыз деп бекем ишенем!”, — деп белгиленет кайрылууда.

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Алмамбет Матубраимов быйылкы жылы мамлекеттик бюджеттен 23 миллон сом бөлүнгөнүн, анын ичинен 9,9 миллон сом Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына каралганын билдирди. Ал буга чейин ассамблеянын уставында ар кандай талаш-тартыштар болуп келгенин, бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгында уставка өзгөртүүлөр киргизилип, декларация кабыл алынганына токтолду.

«Мамлекет колдоо көрсөтүп турса коомдук уюмдар жакшы иштейт. Ошондой эле финансы маселеси да бар. Кыргызстанда жашап жаткан элдердин коопсуздугу, тынчтыгы, достугу болуусу керек. Сөзсүз түрдө биз Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттарга баш мыйзам аркылуу баарына бирдей мамиле жасалаарына кепилдик берүү керек. Биз алардын улутуна, түсүнө, динине карабастан, алардын баарын Кыргызстандын жараны деп кабыл алуубуз керек. Бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгында уставка өзгөртүү киргизип, декларация кабыл алынды. Биринчиден, кыргыз жаранын колдоо, экинчи, кыргыз жаранынын өнүгүүсүн колдоо үчүнчүсү, кыргыз тилин колдоо чечимдерин кабыл алдык».

Кыргызстанда элдин ортосундагы достукту, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясынын 30 жылдыгын майрамдоого карата бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Кыргызстан элдеринин ассамблеясыөлкөдөгү этностордун улуттук кызыкчылыгын көздөгөн коомдук уюм.

Ал 1994-жылы Бишкек шаарында Кыргызстан элинин I курултайында уюшулган.

Copyright © 2017 Maral FM