Биз менен байланышыңыз

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 269 | 0

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка караганда ал башка жумушка которулат.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылы февралда дайындалган.

Ошол эле жылдын октябрь айында Арменияга да элчи болгон. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM