Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка караганда ал башка жумушка которулат.
Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылы февралда дайындалган.
Ошол эле жылдын октябрь айында Арменияга да элчи болгон. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.