Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Министр Бообек Ажикеев түнкү саат 4:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 300 тонна гумжардам кербенин Бишкек шаарынан узатты.
Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет.
Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей эл, 6000 жаш балдар эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4миңден ашуун жаран, 200дөй бала жайгашкан.