Connect with us

Президент ЕАЭБде соода жүргүзүү тоскоолдукка учурап жатканын айтты

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 165 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта Евразия Экономикалык Комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кездешүүдө Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине мүчөлүгү алкагындагы кызматташуунун актуалдуу темалары, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланган.

Кыргызстандын мамлекет башчысы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына он жыл болгонун эске салып, ал аралыкта ички соодада тоскоолдуктар күчөгөнүн, Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары акыркы жети жылдан бери ички рыноктогу көйгөйлөрдү айтып келишсе да, чечилбей жатканын белгилеп өткөн.

Андан тышкары өткөн жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Советтин жыйынынын алкагында ЕАЭБди андан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар артыкчылыктуу милдеттер коюлганын эске салган.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев бүгүнкү күндө Биримдик динамикалуу өнүгүп жаткан интеграциялык бирикме болуп саналарын баса белгилеп, ЕАЭБдин ИДПсы 2,2 трлн АКШ долларына жеткенин маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM