Connect with us

Швейцария Кыргызстандын медицинасы үчүн компьютердик жабдууларды тапшырды

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 167 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 12-мартта Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер 320 компьютер, үзгүлтүксүз энергия булактарын (UPS), ошондой эле Касперский лицензиясын тапшырганын кабарлады.

Жабдуулар «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун алкагында, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жактан колдоо максатында берилген. Алар эми Кыргызстандын түштүгүндөгү жана Бишкек шаарындагы 228 баштапкы саламаттык сактоо уюмуна бөлүштүрүлөт.

Швейцария Өкмөтү каржылаган долбоордун биринчи фазасы 2018-жылдын январынан 2022-жылдын июнь айына чейин жүргүзүлүп, анын алкагында Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 419 компьютер, 358 принтер, ошондой эле Электрондук саламаттык сактоо борборуна 2 сервер берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM