Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
«Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, 28-февралдан тарта жол эрежесин бузуу фактыларына салынган кошумча туумдар жокко чыкты.
Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынып, аны өз убагында төлөбөгөн учурда, ага карата кошумча туум кошулуп келген.