Биз менен байланышыңыз

Эне жана баланы коргоо борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат

Кыска кабар | 10 Фев 2024 | 143 | 0

9-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүн кыдырып, бейтаптар менен баарлашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар Кыргызстанда балдардын онкологиялык кызматын өнүктүрүү максатында мындан аркы кызматташууну макулдашты.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев борбордун жетекчилигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмүн уюштуруу боюнча ишти баштоону тапшырды. Шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая министрдин сунушун колдоп, жилик чучугун трансплантациялоодо негизги болгон өзөк клеткаларын чогултуу үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга 150 миң доллар бөлүүнү убада кылды.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат. Мухаммад Абдурахман Аль-Шая мырза алардын фонду курулуш иштерин жана борборду заманбап жабдуулар менен жабдууну каржылай турганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM