Биз менен байланышыңыз

Бөйрөктү алмаштыруу боюнча кайсыл жакка кайрылуу керек?

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 247 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин, дарыгерлердин жана жогорку деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана гемодиализ жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өттү.

Жыйында бөйрөк трансплантациясына муктаж реципиенттердин жана донорлордун реестрин өркүндөтүү, дарыгерлер топторун, анын ичинде иммунологдорду даярдоо, аларды чет өлкөлөрдө, атап айтканда, Түркиянын адистештирилген клиникаларында окутуу талкууланды.

Жыйынтыгында донорлорду жана реципиенттерди тандоо боюнча нефролог, уролог, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган этикалык комиссиянын отурумун өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Кыргыз-түрк достук ооруканасына иммуносупрессивдүү дары-дармектерди, реагенттерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн каржылоо маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Бөйрөк трансплантациясына байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

— Касымалиева Мээрзат, бөйрөк алмаштыруу боюнча координатор. 0700 844407;

— Исаева Мира Исаевна – медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары. 0772 505652;

— Бейшебаева Насира Адылбековна – медицина илимдеринин кандидаты, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы. 0700627716;

— Динара Аалыевна Айыпова – медицина илимдеринин кандидаты, Улуттук кардиология жана терапия борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы. 0555 778792;

— Матамова Санабар Исраиловна – «Гемодиализ менен ооруган бейтаптар» коомдук уюмунун өкүлү. 0778 134738.

Бөйрөккө акысыз жасалуучу операция гемодиализ көйгөйүн толук чече алабы?

Copyright © 2017 Maral FM