Connect with us

«Монголия – билимге көңүл бурган, мугалимдери кадырлуу өлкө»

Блог | 7 Фев 2024 | 1644 | 1

Он сегиз жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Айбек Кудайбергенов 39 жашта, үч баланын атасы. Беш жылдан бери Монголиянын борбору Улан-Батор шаарындагы Elite international school мектебинде математикадан сабак берет. Ал мугалимдиктен тышкары футбол, волейбол, стол тенниси менен да машыгып келет. Учурда Mongolian Elite Runners клубунда спорттун жөө жарыш түрүнө катышып жатат. Буга чейин бир жыл «Хөх Чоно» (Көк Бөрү) футбол командасына капитан болгон. Айбек Кудайбергенов «Маралга» беш жыл ичинде Монголия эмнеси менен таң калтырып, кандай кызыктуу күндөр өткөнүн, билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрүн айтып берди. 

– Айбек мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз… 

– 39 жаштамын, жубайым экөөбүз үч баланы тарбиялап келе жатабыз. Мугалимдик кесипти аркалаганыма 18 жыл болду. Балдарга билим берүүнү 2006-жылы баштагам, алгач информатикадан, кийин математикадан да сабак берип жүрдүм.

— Монголияга кандайча барып калдыңыз?

— Кыргызстанда иштеп жүрүп, чет өлкөдөн иштегенге ниет кылып, даярданып жаткан кезим болчу. Монголияга жакшы мүмкүнчүлүк чыгып калып, резюме тапшырсам, шарттары жана карьердик өсүү планы боюнча жакшы жумуш сунушташты. Ошентип бул жакка келип, отурукташып калдым. Монголияда 2019-жылдан бери жашап, иштеп келем. Азыркы учурда Улан-Батор шаарындагы Elite international school мектебинде математика мугалими болуп иштеп жатам.

— Монголиянын билим берүү системасы кандай экен?

— Монголдордун билимге инвестиция салганы таң калтырды. Бул жакта Оксфорд, Кембриж, Гарвард жана башка ушул сыяктуу жеке менчик мектептер көп, ошол эле учурда кымбат. Бирок монголдор кымбат экенине карабай балдарын ошол мектептерде окутушат. Ошондой эле дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөр, мисалы, Сингапур, Жапония, Германия сыяктуу мамлекеттер да жеке менчик мектептерин ачышкан. Кыскасы, билим берүү жаатында атаандаштык күч.

Монглиянын мектептери 2008-жылдан бери 12 жылдык системада окутуп келишет. Бул окуу системасы аркылуу дүйнөдөгү көптөгөн алдыңкы окуу жайларга тапшыра алышат. Көбүнчө ата-энелер балдарын чет өлкөгө окууга жиберүүгө ынтызар.

Беш жыл аралыгында ата-энелердин жана окуучулардын мугалимге жасаган жогорку мамилесин көрө алдым. Анткени ар дайым мугалимди сыйлап-урматтап турушат. Ошонун негизинде мугалимдин да статусу жогору бул жакта.

— Монголия эмнеси менен айырмаланат? Эмнеси таң калтырды сизди? 

– Мени дагы бир таң калтырганы, монголдор эне тилин аябай катуу карманышат, бардык жерде монголчо сүйлөшөт. Кытайларда иероглиф бар эмеспи, монголдордо да ошол сыяктуу скрип бар, акыркы учурда ошону өнүктүрүүнүн аракетин көрүп, жайылтып келе жатышат.

Тил маселеси демекчи, бул жакта англис тилине басым жасашат. Кыргызстанда расмий тил катары орус тилин колдонушса, бул жакта расмий тил катары катталган эмес, бирок жаштар көбүнчө англис тилине кызыгышат. Ошондой эле дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерде окууга аракеттенишет.

Монголия толук санарипке өткөн. Аны 2019-жылы келгенде эле байкагам. Жол эрежесин бузсаң, МАИ кызматкерлери кагаз толтурбайт, система аркылуу эле айып пул салып коёт. Ошол жерден төлөсөң да болот, кийин терминал аркылуу төлөгөнгө да мүмкүнчүлүк бар. Мамлекеттик мекемелерде да кагаз иштери жалаң электрондук система аркылуу иштейт.

— Кандай кемчиликтерди байкадыңыз? 

— Улан-Батор шаары 500 миң адамга ылайыкташкан, бирок учурда эки миллионго чукул адам жашайт. Ошол себептен жол тыгын маселеси түйшөлтөт. Шаарда көбүнчө эртең менен, анан кечинде беш-алты километр жерге унаа менен бир-эки саатта жеткен учурлар болот.

— Спорт тармагына кызыгуу качан башталды? Монгол футбол клубдарында да ойноп жүрөсүз, спорт тармагы кандай экен? 

— Спорт менин хоббим десем болот. Футбол, волейбол, стол тенниси, чуркоо боюнча машыгам. Монголияга келип, бул жаатта жакшы ийгиликтерге жетиштим. «Хөх Чоно» (Көк Бөрү) футбол командасында бир нече жыл ойнодум, бир жыл капитан болуп жүрдүм. Учурда Mongolian Elite Runners клубу менен чуркоо боюнча машыгып жатам. Алдыда эл аралык Улан-Батор марафону өтөт, буюрса, өзүмдүн чуркоо боюнча карьерамды жаңылайын деп турам.

Монголдор спорттун түрлөрүнөн биринчи баскетбол, волейболго маани берип, кызыгат экен. Футбол кийинки орундарда турат. Ошондой эле өздөрүнүн улуттук монгол бух күрөшү да популярдуу.

— Монголияда чек маселеси кандай экен? 

— Бул жакта мамлекет жарандарга чек талап кылуу керектигин үйрөтүп коюптур. Азыркы учурда Кыргызстанда «Чек талап кылып, байге утуп ал» деген акция болуп жатат го, бул жакта да ошондой лотерея квартал сайын болуп турат. Анда унаа, үй, баалуу буюмдар ойнотулат. Ошондой эле канча бир чек чогулткандан кийин мамлекет суммасын эсептеп, о,1%ын кайтарып берет. Бул – жарандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

— Алдыдагы пландарыңыз кандай?

— Буюрса, пландарым көп. Кесибим боюнча дагы башка мамлекеттерге барып иштөөнү ойлонуп жатам, бирок азырынча так ушул өлкө деп чече элекмин. План коюу үчүн алгач анализдеп, терең ойлонуп, ошого жараша аракет кылуу керек. Азыр балдарым биз иштеген мектепте окуп жатат, алар жакшы билим алып, билим пайдубалын бекем, бышык түптөп алса деген пландарыбыз, ойлорубуз бар. 

—Айбек мырза, ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз! 

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM