Биз менен байланышыңыз

Жылуулук менен камсыздоо системасы 2-3 күндө калыбына келтирилет

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 363 | 0

Жылуулук менен камсыздоо системасы 2-3 күндүн ичинде калыбына келтирилет. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтты.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы түтүктөр тоңуп калбашы үчүн рециркуляциялык режимде иштеп жатканын билдирди. Бул үчүн Бишкектин айрым аймактарында жылуулук берүү чектелди.

Министрдин орун басарынын айтымында, электр энергиясы менен камсыздоодо көйгөй жок.

2-февралда таңкы саат 04:30да Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган 5 адам тез жардам линиясы менен Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, азыркы учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бирөө күйүк бөлүмүндө, абалы оор. Эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Министрдин орун басары авария болор замат бардык кызматкерлер жеринде иш алып барып жатканын айтты. Себептери кыска мөөнөттө аныкталып, жылуулук системасын кайра калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатат.

Авария борбордун эски бөлүгүндө, 14-отканада болгону алдын ала айтылды. Учурда комиссия иш алып барууда, кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM