Биз менен байланышыңыз

Нурланбек Шакиев коомдук-саясий абал жана диний кырдаал боюнча пикирин айтты

Кыска кабар | 18 Сен 2024 | 218 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында айрым саясатчылар тарабынан ушак-айың таратылып, парламент тарай турганы жөнүндө кеп тараганын айтты. Ал учурда коомдук-саясий абал туруктуу экенин айтып, эч кандай өзгөрүү болбой турганын билдирди.

«Акыркы күндөрү айрым саясатчылар, ушак-айыңга жакын адамдар өлкөдө ар кандай өзгөрүүлөр болот экен, референдум болот экен, парламент тарайт экен, депутаттардын саны кыскарат, чоң-чоң саясий өзгөрүүлөр болот экен деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Мунун баары суу кечпеген сөздөр. Бүгүнкү күндө саясий туруктуулукту камсыздап, ошонун негизинде жогорку экономикалык көрсөткүчтү камсыздап жатабыз. Ошондуктан эч кандай саясий окуялар болбойт. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт, аны татыктуу, таза өткөрүү керек. Баары мыйзам чегинде, өзүнүн кезеги менен болот» , — деди спикер Нурланбек Шакиев.

Ал диний кырдаал боюнча талкууларга да пикирин айтып, дин иштерине мамлекет аралашпай турганын, жоолукка чектөө болбой турганын кошумчалады.

Ал эми дааваттын жардамы менен өлкөдөгү бир катар терс көрүнүштөр жоюлуп келгенин эске салып, бирок баары иреттелерин белгиледи.

«Диний маселелер боюнча да коомдо ар кандай талкуулар болуп жатат. Биз бул талкууларга да туура багыт берип коюшубуз керек. Дин — өзүн мамлекеттен сырткары кармаган, буга чейин да мамлекет дин иштерине аралашпайт, мыйзамды да дин иштери боюнча комиссия, аалымдар, ошолор жазып келишет. Ар кандай чектөөлөр тууралуу сөз болуп жатат. Жоолукка эч кандай чектөө болбойт, бул биздин салтыбызда да динибизде да болгон, кыз-келиндер, апалар жоолук салынган. Ал эми дааваттын жардамы менен аракечтик, баңгизат, сойкулук жоюлуп келген, бирок баары иретке салынышы керек», — деди спикер.

Буга чейин Мамлекеттик дин комиссиясы «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган.

Муфтий: Сунушталып жаткан долбоор хижабка жана дааватка тыюу салбайт

Copyright © 2017 Maral FM