Connect with us

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти кайра камалды

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 185 | 0

Кыргызстандагы грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камакка алынды. Аны Биринчи Май райондук соту тастыктаганын бир катар маалымат булактары жазды.

Маалым болгондой, кайра камоо чечими УКМКнын тергөөчүсү берген арыздын негизинде өткөн жылдын 30-декабрында чыккан.

Ахрор Иминовду УКМК «кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап турган» деген шек менен 11-октябрда камакка алган. 

23-ноябрда «тергөө аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо» тил катынын негизинде Биринчи Май райондук соту үй камагына чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM