Биз менен байланышыңыз

Президент Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 23 Дек 2023 | 348 | 0

Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Анда комиссиянын коллегиясынын жана ЕАЭБ сотунун мүчөлөрү, биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары, ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет.

2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, отурумдун алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

КМШ президенттеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.

Кыргызстан КМШга 2023 — жылы төрагалык кылган.

Copyright © 2017 Maral FM