Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында кыргыз философу, акын-жазуучу, ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелиги орнотулду.
Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Молдо Нияздын айкелинин ачылышына Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров катышты.
Президент Садыр Жапаров 11-12-декабрда Баткен облусун кыдырууда. Ал бир катар жаңы объектилердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышууда.