Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда Молдо Нияздын эстелиги орнотулду

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 139 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында кыргыз философу, акын-жазуучу, ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелиги орнотулду.

Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Молдо Нияздын айкелинин ачылышына Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров катышты.

Президент Садыр Жапаров 11-12-декабрда Баткен облусун кыдырууда. Ал бир катар жаңы объектилердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM