Connect with us

«Ак Суу» базарынын ээси, экс-аким интимдик жай уюштурууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 1 Дек 2023 | 1652 | 0

Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким, «Ак-Суу» базарынын ээси Б.К.А кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Б.К.А. сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле бул мекемеде бир нече жолу интимдик кызматты пайдаланган.

Топтолгон материалдардын негизинде 30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде Б.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM