Биз менен байланышыңыз

«Эки аутист баланы жалгыз багам, түрмө сымал батирде турабыз»

Коом | 1 Ноя 2023 | 545 | 0

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңеште «Альянс» фракциясынын демилгеси менен аутизм, даун синдрому жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн, укуктарынын сакталышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Кыргызстан боюнча быйыл 167 балада аутизм, 1000ден ашык балада даун синдрому бар деп катталган. Мындай диагнозу бар балдардын энелеринин көйгөйү: аз өлчөмдөгү жөлөк пул жана кол жетпеген медициналык процедуралар.

Мээрим Иманбаеванын 13 жана 9 жаштагы эки баласына аутист диагнозу коюлган. Балдардын атасы уулдарынын диагнозун укканда таштап кеткен. Жалгыз бой эне учурда батирден батирге көчүп жүргөнүн айтып берди.

Ал эки уулуна өкмөттөн 8 миң сомдон, багуу үчүн кошумча 6 миң сомдон алат.

«Эки уулумдун тең аутизми бар. Кичүүсүнүкү оор түрү, улуусу бир аз өз алдынча боло алат. Мындан улам аны атайын мектепке алган. Кичүүсүн бала бакчага да, мектепке да албайт. Себеби жанында дайыма бирөө болушу керек, муктаждыгын өз алдынча аткара албайт. Атайын борборлорго берейин десем, каражат керек. Жалгыз бой энемин да, каражат жагынан тартыштык болуп жатат. Азыр кымбатчылык учур, батирлеп жүрөбүз, кечээ эле бир батирге көчтүк, 15 миң сом экен. Иштейин десем, балдарды караган киши жок. Иштеп кетейин десем, өкмөт алты миң сомумду кыркат. Айтпай иштесек, айып салат. Азыркы батирибиздин жуунучу жайы жок, ижара акысы кымбат болгондуктан, түрмөдөй болгон бөлмөдө жашап жатабыз. Өкмөт багууга берген акчасын көбөйтүп берсе, жакшы болот эле».

Кара-Балта шаарынын тургуну Күлбара Алиеванын 16 жаштагы кызы бар. Ал церебралдык шал илдетинин оор  түрү менен жабыркап келет. Жалгыз бой эненин айтымында, учурда аталган диагнозу бар балдарга өкмөттүк ооруканаларда жакшы шарт жок. Аутист же ДЦП балдарга бир эле дары беришет. Жеке борборлордо жакшы шарттар түзүлгөн. Бирок каражаттын тартыштыгынан ал жакка алып баруу кыйынга турат.

«Менин кызым оор абалда болгондуктан, памперсине эле өкмөттөн алган жөлөк пулдун жарым акчасы кетет. Биздикиндей балдарды дайыма дарылап, витаминдерди алып туруу зарыл. Алардын баасы кымбат. Бир алганда эле 3-4 миңге алабыз. Мындан улам каражат жетпей эле калат. Экинчи маселе, мамлекеттик ооруканаларга алып барсак, аутист, ДЦП балдардын баарына бир эле дары бере беришет. Биздикиндей балдарды дарылаганга алардын компетенциясы жетпейт. Балдар жакшы болбой чыгат. Балдарды дарылоо үчүн доктур атайын окуудан өтүшү керек. Дарылоого шарт түзүлүшүн суранат элем».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу майыптарга жана карыларга чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумованын маалыматы боюнча, майып балдарга өкмөттөн 18 жашка чейин 8 миң сом, абалы оор балдарды багуу үчүн 6300 сом каралган.

Жалгыз бой энелер, турмуш-шарты оор, майып балдары бар ата-энелер жергиликтүү өкмөт өкүлдөрүнө арыз менен кайрылышы керек.

«Социалдык жөлөк пул алгандарга үй жана жер берүү маселеси каралган. Бирок, жалпы түрдө болот. Жергиликтүү бийликке арыз жазып кайрылса, алар каттоого алышат. Эгерде ал адам кайрылган жерде үй бар болуп же салынып жатса, алар бергенге милдеттүү. Ошондой эле кыш келе жатат, көмүр менен камсыз кылуу өңдүү бир катар жеңилдиктер бар. Бирок аталган жардамды жергиликтүү өкмөт берет».  

Улан Бердибаев өзү церебралдык шал илдети менен жабыркаганына карабай, майып балдары бар, тиричиликтен кыйналган ата-энелерге жардам берет. Анын айтымында, бул илдет менен күрөшүп келе жаткандардын көбү — жалгыз бой энелер. Көп энеге кол сунган Улан Бердибаев өкмөттөн бул жаатта жөлөк пул, багуу үчүн төлөмдү көбөйтүп, медициналык камсыздандырууну жеңилдетип беришин суранат.

Copyright © 2017 Maral FM