Connect with us

Бишкектен унаа уурдап качкан адам Жалал-Абаддан кармалды

Кыска кабар | 10 Окт 2023 | 321 | 0

Бишкектен унаа уурдап качкан адам Ноокен районунан кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Кечээ, 9-октябрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкектин Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен KGBH9088 мамлекеттик номерлүү «Тойота Хайс» унаасы уурдалганы тууралуу арыз түшкөн.

Анын негизинде, тиешелүү тараптарга маалымат таратылып, издөө иштери башталган.

Жалал-Абад облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү облустагы бардык жолду көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды берген.

Натыйжада бүгүн, 10-октябрда «Бишкек-Ош» жолунун Ноокен районундагы бөлүгүнөн айтылган унаа токтотулган. Аны 1987-жылы туулган А.Ш. айдап бараткан.

Машина унаа токтотуучу жайга коюлуп, шектүү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM