Бишкектен унаа уурдап качкан адам Ноокен районунан кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Кечээ, 9-октябрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкектин Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен KGBH9088 мамлекеттик номерлүү «Тойота Хайс» унаасы уурдалганы тууралуу арыз түшкөн.
Анын негизинде, тиешелүү тараптарга маалымат таратылып, издөө иштери башталган.
Жалал-Абад облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү облустагы бардык жолду көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды берген.
Натыйжада бүгүн, 10-октябрда «Бишкек-Ош» жолунун Ноокен районундагы бөлүгүнөн айтылган унаа токтотулган. Аны 1987-жылы туулган А.Ш. айдап бараткан.
Машина унаа токтотуучу жайга коюлуп, шектүү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.