Биз менен байланышыңыз

Бизнести талдоо боюнча Борбор Азиядагы биринчи курултай өтөт

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 162 | 0

Бишкек шаарында 7-октябрда бизнести талдоо боюнча Борбор Азиядагы I аналитикалык курултай өткөрүлөт. Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу Беларусь, Орусия, Кипр, Казакстандан тажрыйбалуу спикерлерди чакырган.

Спикерлер «Газпромнефть – санариптик чечимдер», EPAM Systems, «Сбербанк», Geek Brains, Escalate, «ЮниКредит Банк», VEB Technologies сыяктуу компанияларда иштеген бизнес өкүлдөрү болот.

Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу 2022-жылдын жазында түзүлгөн жана ага 400дөн ашык жаран мүчө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM