Бишкек шаарында 7-октябрда бизнести талдоо боюнча Борбор Азиядагы I аналитикалык курултай өткөрүлөт. Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу Беларусь, Орусия, Кипр, Казакстандан тажрыйбалуу спикерлерди чакырган.
Спикерлер «Газпромнефть – санариптик чечимдер», EPAM Systems, «Сбербанк», Geek Brains, Escalate, «ЮниКредит Банк», VEB Technologies сыяктуу компанияларда иштеген бизнес өкүлдөрү болот.
Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу 2022-жылдын жазында түзүлгөн жана ага 400дөн ашык жаран мүчө.