21-сентябрда Бишкектин айрым борбордук көчөлөрүндө турак жайларга ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Саат 9:00дөн 15:00гө чейин Чыңгыз Айтматов проспектиси, Тыналиев көчөсү, Төлөмүш Океев көчөсүндөгү турак үйлөрдө суу өчөт.
Мэриянын маалыматына караганда, ичүүчү сууну өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу. «Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.