Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-августка караган түнү Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүүсү күтүлүүдө.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөтүү жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +31…+36
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 жылуу болот.