Connect with us

Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайга кабыл алуунун мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 20 Июл 2023 | 184 | 0

Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, «Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу» бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле ушул жылдын 19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалымкаттар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.

Белгилей кетсек, 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM