Connect with us

Өлкө ичинде сом менен гана соода кылуу сунушталды

Кыска кабар | 3 Июл 2023 | 855 | 0

Жогорку Кеңештин бир катар депутаты тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн парламенттин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбооруна ылайык, улуттук банкнотторду чет өлкөлөрдө басып чыгарууга тыюу салынат. Мындан тышкары, улуттук валютанын макамын күчөтүү, өлкө ичинде сооданы сом менен гана жүргүзүү, ал эми экспорт жана импорт менен алектенген экономикалык субъектилерге чет өлкөлүк валюталарды колдонууга уруксат берүү каралган.

Кыргызстандын улуттук валютасы учурда Франция менен Улуу Британияда басылып чыгат. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан жакын арада «Учкун» мамлекеттик басмаканасынын базасында банкнотторду өз алдынча басып чыгара турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM