Connect with us

Мамлекеттик катчы баланы эненин атына каттоо маселеси боюнча үн катты

Кыска кабар | 3 Июл 2023 | 1320 | 0
Активист Алтын Капалова

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов паспортко «атасынын аты» деген графага эненин атын жазуу боюнча Конституциялык соттун чечимине каршы пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кыргызстандын Конституциялык соту балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортто атасынын атынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын активист Алтын Капалова 2-июлда билдирген.

Капалованын айтуусунда, Конституциялык соттун токтомуна ылайык, бала 16 жаштан кийин паспорт аларда «атасынын аты» деген графага энесинин атын жаздыра алат.

Алтын Капалова бул маселе боюнча Конституциялык сотко быйыл февралда кайрылган. Ага чейин балдарынын күбөлүгүндөгү «атасынын аты» деген графага өзүнүн атын жаздырган Капалованын иши Жогорку сотто каралып, документтерди жокко чыгаруу чечими күчүндө калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM