Connect with us

Кемпир-Абад иши: Рита Карасартова жана Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 203 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова жана жарандык активист Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту билдирди.

Биринчи Май райондук сотунун маалыматында айыпталуучулар Рита Карасартова жана Атай Бейшенбек уулунун буга чейин каралган баш коргоо чарасында убактылуу кармоочу жайда кармоо чечими 15-августка чейин үй камагына чыгарылсын деп өзгөртүлгөн.

Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала соттук угуу кечээ, 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталып, бүгүн, 23-июнда да уланып жаткан.

Сот залына бардык айыпталуучулар — абактагылар, үй камагындагылар жана адвокаттар киргизилгени кабарланган болчу.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад иши сегиз айдан бери тергелип, 19-июнда тергөөдөгү иштер сотко өткөрүлгөн.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM