Connect with us

ЖК комитети «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 280 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.

Бир күн мурун аталган комитетте кворум болбой, мыйзам долбооруна добуш берилбей калган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган долбоор менен бириктирилген.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.

Талкуудан кийин бириктирилген мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого алынды.

Менчик окуу жайларды аккредитациядан бошотуу талкуу жаратты

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM