Connect with us

Акылбек Жапаров ЕӨАКтин тар курамдагы жыйынына катышты

Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 247 | 0

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Орусия) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.

Жыйындын күн тартибинде эркин сооданы мындан ары өнүктүрүү, ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу, интеграцияланган маалыматтык система жана санариптик күн тартиби, биримдиктин электрондук рыногу сыяктуу 10 тармактын маселелери каралды.

Өкмөт башчылар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында кызматташуу боюнча биринчи чаралар топтомунун («Жол картасы») аткарылышы боюнча отчётту угушту.

Ошондой эле, Орусиянын демилгесин кароонун жыйынтыгында Евразия экономикалык комиссиясына мүчө мамлекеттер менен биргеликте Евразиялык рейтингдик агенттикти түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындай уюмду түзүү Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн каржылык көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатат, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жардам берет, ошондой эле Биримдиктин ички рыногундагы бир катар сезимтал тоскоолдуктарды жок кылат.

Мындан тышкары, тараптар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында мурда кабыл алынган тапшырмаларды жана макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өткөрүү макулдашылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM