Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.