Connect with us

Министрлик: Аскар Акаев окуу жайларда лекция өтпөйт

Кыска кабар | 22 Май 2023 | 310 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин лекциясы Улуттук илимдер академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болбой турганын билдирди.

Аскар Акаевге министрлик тарабынан лекция өтүүгө чакыруу болбогону, аны жогорку окуу жайлар пландаганы айтылды.

«Коомчулук арасындагы терс реакциядан улам Аскар Акаевдин өтүүсү мүмкүн болгон сабактары жокко чыгарылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаевдин өлкөдөгү жогорку окуу жайларда лекция окуусу тууралуу маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 22-майдагы жыйынында көтөрүлдү. 

Депутат Аида Исатбек кызы билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевден Аскар Акаевдин лекция окуусуна ким уруксат бергенин сурады.

«Биз ал кишини чакырган эмеспиз. Жогорку окуу жайлар өздөрү чакырса, өз эрки. Бирок бул коомдук туруксуздукка алып келбеши керек», — деп жооп берди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев.

21-майда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде лекция окуй турганы белгилүү болуп, аталган окуу жайдын айрым студенттери Аскар Акаевдин лекциясына каршы болуп, ректоратка кайрылышкан. Алардын билдирүүсү Твиттерге жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM