Биз менен байланышыңыз

Төрт жолу мөөнөтү узартылып, куруучулар акчасын ала албаган Баткендеги үйлөр

Саясат | 20 Апр 2023 | 723 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар бир катар маселелерди көтөрдү. Алсак, Баткенди калыбына келтирүү иштери кечеңдеп жатканы, жөлөк пулдар жана аймактагы негизги көйгөйлөр сөз болду. Ошол эле учурда Баткенде үй курган жумушчулар айлыгын алалбай жатканын айтышып, ак үйдүн алдына топтолушту. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин 20-апрелдеги жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кол салуудан кыйраган үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатканын сындады. Ал бул маселе боюнча төрагага кайрылып, протоколдук тапшырма берүүнү жана чара көрүүнү сунуштады.

«Баткенди калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту «Аманат курулуш инвест» компаниясы алган. Ал «Доор курулуш» деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып, дагы башка жалданма компанияларга таратып салган. Субподрядчик менен суб-субпорядчиктин ортосундагы маселеден эл кыйналып жатат. Акчасын алган, курулушчуларга жеткирип бербей качып жүрөт. Эки айда бүтүрөбүз деген ишке жети ай болду. Эл үйүнө кире албай, куруучулар айлыгын алалбай жүрүшөт».

Ал ортодо Баткенде үй курган субподрядчылар Бишкекке чейин келип, президенттен жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан кабыл алууну суранышты. Курулушта иштеген 300гө жакын бала 7 айдан бери айлыктарын алалбай жатканын айтышууда.

«Субподрядчы 300дөй адамды сыздатып качып жүрөт, фирманын куруучуларга карызы 30 миллион сомго чукулдайт. Биз көйгөйдү президентке түз жеткирүү үчүн Бишкекке келдик. Капчыгай айылындагы курулуш иштери боюнча бизди кабыл алып, элдин үнүн угуп коюшуңузду суранабыз. Башкы подрядчы «Аманат курулуш инвестке», Президенттин иш башкармалыгына кайрылсак, пайда болгон жок. Кайра алар «Доор курулушту» калкалап жатат» дейт. «Доор курулуш» болсо, 97% бүткөндө подрядчы компаниялар акчаларыбызды бербей, курулушту башка компанияга берип салды. Биздин акчаларды бербей качып жүрөт».

Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын 14-апрелдеги жыйынында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимов Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча маалымат берип, жалпы 332 үй толук бүткөнүн, бөлүнгөн каражаттын 90%ы которулганын билдирген.

«13-апрелге карата алынган маалымат боюнча бүгүнкү күндө жалпы 332 үй толук бүткөн. 60 үйдө ички курулуштар жүрүп жатат, 18 үйдүн чатыры жабылып, 4 үйдүн дубалына плиталар орнотулууда. Бирок 332 үйдүн ичинде кошумча жасала турган жумуштар аныкталган. Бүгүнкү күндө Капчыгай айылында 60 үйдүн ичинде оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп, 18 үйдүн чатыры жабылып жатат».

Акимов кошумчалагандай, курулушка бөлүнгөн 1,3 миллиард сомдун 90%ы которулган. Үйлөр 1-майга чейин, ал эми социалдык мекемелер 1-сентябрга чейин бүткөрүлөт.

2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жалпысынан 638 үй жана 27 социалдык объект жабыркаган. Мунун ичинен Баткен облусунда 417 үй жашоого жараксыз абалга келген. Ар бир үйдү курууга 3 млн 315 миң сом бөлүнгөн.

Башында курулуштар эки айда бүткөрүлөрү айтылып, 31-декабрга чейин мөөнөт берилген. Андан кийин курулуштун мөөнөтү 1-мартка деп узартылган. Анда да бүтпөгөндүктөн, 1-апрелге жылган. Эми курулушту толук бүтүрүү 1-майга чейин узартылып отурат.

Copyright © 2017 Maral FM