Connect with us

Мусулмандар бүгүн намаз түшкөн Мираж кечесин өткөрөт

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 881 | 0

Ислам дүйнөсүндө «Аллага карай жогорулоо жана тазалануу» деп кабыл алынган Мираж кечеси бүгүн, 17-февралдан 18-февралга караган түнү өткөрүлөт.

Мираж түнүнүн толук аталышы – Аль-Исра валь-Мираж. Исра – бул Мухаммад пайгамбарыбыздын Меккедеги Харам мечитинен Иерусалимдеги Акса мечитине чейинки сапары. Мираж – бул окуядан кийин Аллахтын элчисинин асманга көтөрүлүп, Улуу Жараткан менен сүйлөшүүсү.

Качан орун алган?

Керемет окуя 620-жылы Ражаб айынын 27сине караган түнү болгон. 620-жылы Мухаммад пайгамбардын  жашоосундагы абдан оор жылдар катары ислам булактарында белгилүү. Бул жылы ал сүйүктүү жубайы Хадижа жана аны дайыма колдоп келген агасы Абу Талибден айрылган эле.

Аль-Акса мечитинде пайгамбар эмне кылган?

Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинде Аллахтын элчиси имамдыкка өтүп, бардык пайгамбарлар менен бирге эки рекет намаз окуган.

Мечиттен чыкканда Жебреил шарап жана сүт куюлган эки идиш менен келип, тандоону сунуштады. Мухаммад пайгамбар сүттү тандады. «Сен тазалыкты тандадың», — деди Жебреил.

Пайгамбарыбыз асманга кантип көтөрүлгөн?

Асмандан нурдан болгон тепкич түшүп, ал аркылуу пайгамбарыбыз жогору көтөрүлгөн. Бул тепкич аскага түшкөн, кийинчирээк анын үстүнө мечит тургузулган. Ал «Аска куполу» (Куббат ас-Сахра) деп аталат.

Пайгамбарыбыз кимдерге жолуккан?

Асмандын биринчи кабатында Мухаммад пайгамбар Адамды (а.с) көрдү. Адам (а.с) Пайгамбарыбыз менен саламдашып, Аллахтан ал үчүн жакшылык тиледи.

Аллахтын элчиси асмандын экинчи кабатынан Марьям уулу Иса (а.с) жана Яхья ибн Закария (а.с) менен көрүшөт. Үчүнчү кабаттан дүйнө сулуулугунун жарымы берилген Жусуп пайгамбарды (а.с), төртүнчүдөн Идрис (а.с), бешинчиден Харун, алтынчыдан Муса.

Мындан ары эмне болду?

Пайгамбарыбыз периштелердин эч кимиси аша албаган Сидратуль Мунтаха аймагына жеткенде Жебреил: «Аллах Таала мага ушул жерге чейин гана уруксат берген. Кокус мындан ары бир кадам жакындай турган болсом, күйүп күл болуп кетем», — деди.

Бул жерге Жебреилди калтырып, андан ары жолун жалгыз уланткан. Жолду катар ажайып окуяларга күбө болгон. Жараткандын жамалын көргөн. Бул кереметтерди сөз менен дал өзүндөй сүрөттөө мүмкүн эмес. Акыл-эстен жогору турган акыйкатты жеткирүү колдон келбей турган машакаттуу иш.

Миражда пайгамбарга эмнелер тартууланган?

Имам Муслим келтирген хадисте Аллахтын элчисине Миражда үч нерсе берилгени айтылат. Алар: беш убак намаз, «Бакара» сүрөсүнүн акыркы аяттары жана ширк кылбаган үммөтүнүн чоң күнөөлөрү кечириле тургандыгы кабарланган.

Пайгамбарыбызга башында 50 маал намаз парз кылынган. Бирок Муса пайгамбардын кеп-кеңеши аркылуу 5 убак намазга кыскартылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM