Биз менен байланышыңыз

24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси УКМКга чакырылды

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 504 | 0

24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылды. Бул тууралуу ал өзү фейсбуктагы баракчасына жазып, чакыруунун сүрөтүн жарыялады.

Маалыматка караганда, Оторбаева күбө катары чакырылган, бирок кайсы иш боюнча экенин тергөөчү ачыктаган эмес.

Ага чакыруу 3-февралда келген, бирок бүгүн, 6-февраль саат 17:00гө жылдырылганын кошумчалады.

Бир күнү мурун эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык милициясына сурак берип чыкканын айтты. Бүгүн, 6-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратып, журналист күбө катары сурак бергенин кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, өткөн жумада TikTok социалдык түйүнүндө «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген башкы теманын алкагында видео жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу да болгон. Бул видео жана анын темасына байланыштуу Ош милициясынын тергөө кызматына Ыыдырыс Исаков 5-февраль күнү күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралган.

Журналист Исаков видео жүктөгөн «Альберт» деген жаранды тааныбай тургандыгын, бул видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан монтаждалып, белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыгын жана кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы жөнүндө маалыматы жоктугун билдирген.

«Ыдырыс Исаков бир саатка жетпеген убакытта Ош ШИИБнын тергөө кызматында болду» , — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM